СУПЕРСТАН: "Ата-энени көзү барда сыйлай жүр!"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ата-энени көзү барда сыйлай жүр!" деген тема талкууга алынды.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Каргашалуу унаа кырсыгынын кесепетинен ата-энем жана бир тууган агамдан ажырадым. Шаардан айылга барып, топ унааларды аралап кирип короодон атамдын сүрөтү илинген боз үйдү көрдүм, кийин ооруканадан 22 жаштагы агамдын да сөөгүн алып кеттик. Жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан апамдын бөлмөсүнүн жанына барып тизелеп отуруп, Кудайга жалбарып "майып болсо да апамды аман алып кал" деп суранганымды Кудайым уккан жок. Апамдын да бизди таштап кеткенин уккан карындашым ооруканага жатып калды. Кайгыга чөгүп, аракка берилип кеттим. Түшүмдө апамды көрүп, "карындашыңды кара" деген сөзүнөн кийин өзүмө келип, ооруканага барсам ал байкушумду да психиатриялык ооруканага алып кетип калышыптыр. Карындашымды ал жерден чыгарып, ошол күндөн баштап бүт өмүрүмдү карындашыма арнайм деп өзүмө сөз бердим. Бир топ кыйынчылыктын арты менен убадама турдум деп ойлойм. Карындашымды окутуп, бутуна тургузуп, күйөөгө узаттым. Ушул жакшылыктарыбыздын баарын ата-энем, бир тууганым көрсө болбойт беле деп арман кылам. Алардын бейиттерине барып карындашымдын үлпөтүндөгү сүрөттөрүн көрсөтүп, куран окугандан башка аргам калган жок. Азыр 25 жаштамын. Турмуштун арты-артынан берилген сыноолорун башымдан өткөрүп жашап жатам". (Окуя кыскартылып жазылды)
Темага калтырылган жооптор:
"Жүрөгүм сыгылып кетти. Мен да жалгыз апамдан алыс жакта жүрөм. Жаратканым апама күч-кубат, ден соолук берсе экен. Бул дүйнөдө энелер ыйлабасын, аман болушсун".
"Кудайым кырсыктардан сактасын, ата-энелерибизге ден соолук, узун өмүр, бакты-таалай каалайм. Дайым жаныбызда күлүп, жадырап-жайнап жүрө беришсин".
"Тагдыр ушул экен, жигит, кеткенди кайра кайтара албайбыз. Ата-энең дайым сени менен бирге... Атаңдын атын өчүрбөй, тукумун ула".
"Албетте, ата-энени көзү барда сыйлай жүрүшүбүз керек. Мен да дайыма баскан-турган сайын
ата-энемдин, жакындарымдын өмүрүн, ден соолуктарын сурап келем. Кудайым көп жаш, узун өмүр берсин. Баарыңардын жакындарыңар аман болушсун".
Талкууга кошулуп, окуяны толугу менен окугуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Журогумо жалгыз гана сизди сактаймын.
Буткул ааламды кыдырып чыксамда,
Сиздей мээримдуу жан таппаймын.
Мен оорусам коз жаш токкон бактымсын,
Бул дуйнодо эч бир нерсеге алмашкыз бактымсын.