super.kg logo

Жалал-Абад облусунун бир катар аймактарында катуу жааган жамгырдан улам турак жайларды суу каптады

 

Жалал-Абад облусунун бир катар аймактарында катуу жааган жамгырдан улам турак жайларды суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында кечээ саат 20:30 чамасында катуу жааган жаан-чачындан улам сел жүргөн. Ак-Сай каналынан суу ашып, Ак-Сай айылындагы 10 турак жайдын огороддорун жана 1 мал сарайын сел каптаган.

Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл аймагынын Кош-Болот айылында саат 16:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам аталган айылдарга баруучу жолдо сел жүрүп, унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаралган. Кош-Болот-Теңги жолунун үстүнкү бөлүгүндөгү колоттордон жана сугат каналдарынан ашкан суулар 20 турак жайдын полуна, 30 турак жайдын айланасына жана сарайларына кирген.

“Сел каптаган турак жайлар айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынып, атайын комиссия жеринде тактоо иштерин улантууда”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: