"Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында 30 жаштагы аял башка адамдын паспорту менен кармалды
"Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында 30 жаштагы аял башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
“Бүгүн Бишкек-Анталия каттамы боюнча №9262-рейсти каттоо учурунда 30 жаштагы К.А. аттуу аял кармалган. Ал башка жаранга тиешелүү паспорт менен чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган аял УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.