ЖЫЛНААМА, 6-ИЮЛЬ: 56 жыл мурун кылмыштуу чөйрөнүн белгилүү өкүлү Рысбек Акматбаев туулган
Кезинде кылмыштуу чөйрөнүн белгилүү өкүлү, кийинчерээк легалдашып саясатка аралашып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган, эл оозунда Робин Гуд атка конгон Рысбек Акматбаев тирүү болгондо бүгүн, 6-июлда 56 жашка толмок. Ал 1960-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн.
Советтик Армиянын катарында десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенден кийин ал Дене тарбия институтуна тапшырган. Аталган окуу жайды аяктагандан кийин ошол эле жерде бокс кафедрасында машыктыруучу болуп эмгектенип жүргөн. 1986-жылдын декабрында Алматыда өткөн казак жаштарынын улуттук өз алдынчалыгына умтулган митингине катышканына байланыштуу КГБнын "улутчул" деген тизмесине илинген. Ал эми 1988-жылы "рэкетчилик менен алектенди" деген айып тагылып, камакка алынган. Ошондон тартып ага "кылмышкер" деген ат жабышкан.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















