super.kg logo

15 жыл тараза коюп иштеп, 3 кызын турмушка узатып, балдарын жаңы окуу жылына даярдап жаткан эмгекчил эне (фоторепортаж)

 

Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, ага туруштук бере албай күйүткө алдырып, ичип кеткен адамдар бар. Ал тургай жөндүү турмуш кадамын шилтеп кете албай учурда өз жанын кыйгандар да кездешүүдө.

Бишкек шаарында оор жашоодо жашап, бирок эч кимге даттанбай, бийлик жетекчилеринен жардам сурабай көчөлөрдүн биринде тараза тартып иштеп отурган Асылжан Кыдырбаеванын тагдыры менен тааныштык.

Асылжан айымдын басып өткөн тагдыры, жетишкен ийгилиги он эки мүчөсү соо, бирок кайыр сурап отургандар үчүн сабак болор деген үмүттөбүз.

Асылжан Кыдырбаева Ысык-Көл облусунун тургуну. Ал 57 жашта. Буга чейин 6 уулдуу болуп, бирок балдары бир-эки ай аралыгында чарчап калышкан. Андан соң дагы 4 кыз, 2 уул төрөгөн. Учурда кыздары турмушка чыгып, балдары турмуштан өз ордун таап кетишкен. Маек учурунда эне бактылуу экенин баса белгиледи.

"15 жыл тараза менен иштеп жүрүп 3 кызымды турмушка узаттым. Албетте, бирде тартыш, бирде жетиштүү болот. Эң негизгиси, кайыр сураган жокмун. Балдарым ач, жылаңач калган жок. Жыл сайын кызым каникулда мага жардамдашат. Жайкы каникулда 3 ай бою иштеп, балдарыма сентябрда кийим-кече алып берем", - деп билдирди Кыдырбаева.

Асылжан Кыдырбаева бирөөнүн кол алдындагы жалданма жумушчу эмес экенине шүгүр кылат. Эртең менен үй тиричилигин жасап, саат 11лер чамасында таразасын көтөрүп жумушка келет. Айрым учурларда түнкү саат 23:00гө чейин отурат.

Каарманыбыз жумуш учурундагы кызыктуу окуялар туурасында да ой бөлүштү: "Менин таразам 150 килограмм салмакка чейин көтөрөт. Кээде 150 килограммдан жогорку салмактагы адамдар келип түшүп, таразам көрсөтпөй калган убактар болот".

"Таразага көбүнчө жаштар түшөт. Айрым учурда үй-бүлөлүүлөр эс алып жүрүп баары түшүп кетишет. Ал учурда жакшы иштеп алам. Таразага түшүүнүн баасы 5 сом. Аны да бербей кетип калгандар болот. Жайкы каникулда студенттер айылдарга кетип, жумушум басаңдай түшөт. Антсе да күнүнө кызым экөөбүз 700-750 сом табабыз", - деп кошумчалады Кыдырбаева.

"Кызым экөөбүз иштеген Орозбеков көчөсү Ак үйдүн жанында жайгашкан. Биз менен катар балмуздак, шар жана башка нерселерди сатып отургандарды кээде милиция кызматкерлери башка жакка барып соода кылгыла деп куушат, бирок бизге тийишпейт. Адамдардын көз карашында биз абдан жарды адамдарбыз, бирок терең маанисинде 6 балам бар, мен баймын, мен бактылуу энемин", - дейт таразачы айым.

Апасынан 15 метр ары жакта тараза менен отурган 9 жаштагы Фатиманы да кепке тарттык.

"Апама жардамдашам. Тапкан акчамды апама берем. Ал мага балмуздак, шириндиктерди сатып берет. Мен чоңойгондо дарыгер болом", - дейт Фатима Кыдырбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(15)
06.07.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
jakwy tabywat eken. jakwylyktarga jumwawsyn
06.07.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллах раазы болсун. эже сизге Чын ден соолук каалайм.
06.07.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Адал ырыскысынын уяты жок! Негизгиси арам тамак эмес!
Palan4a түзөттү 2016-07-06 17:15:48
06.07.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иш илгери эже
06.07.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
туура айтасыз!сиз чексиз байсыз,анткени алты баланыз бар!кудай оомин десе бул кундор бир кунчолук да билинбей калат!
06.07.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы адал жумуш экен.Бирок деген жери бар.Кыздары макул алар турмушка чыгып башка бир уйбулого коз каранды болуп калышат.Ал эми турмушта оз ордуларын тапкан эки уулдарычы эмне у-н алар койун апа 60 жашка барып жатасыз жайда ысстыкта,куздо жаанда кышта суукта олтурбай андан коро неберелеринизди жылуу салкын уйдо карап олтурунуз деп айтышпайбы.Сиз бизди ошончо жашка ч-н бактыныз эми биз сизди багайлык деп айтышпайбы уят.
KGstan1981 түзөттү 2016-07-06 17:55:52
06.07.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981,балдарын жаны окуу жылына даярдап деп жазылып турбайбы,демек мектепте окушат экен да мектепте окуса кантип бакмак кичине да
07.07.2016. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainur78007,туура айтасын мектеп жашындагы балдар болсо керек..
06.07.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сизге чын журогумдон чын ден соолук бакубат узун омур кажыбас кайрат каалаймын эже!!! 6 баланы чонойтуп остуруп окутуп чокутуп оз озунчо кылып коюш коп адамдын колунан келе бербейт. А эркектердин колунан тем более келбейт.
06.07.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буюрса тынчылык болуп, аман-эсен Атамекениме барып калсам,Фатиманын таразасына түшүп, акчаны көбүрөөк төлөймүн деп ниет кылдым.
07.07.2016. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Cesar,а мен ар бир кочодогу таразага тушкум келип калды мындан кийин!Башкасы деле оор турмуштун айынан отурушат да!
06.07.2016. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адал тамак эч кимди алдаган жок. Баатыр эне наамын алды бекен? Албаса экоону бериш керек экен
06.07.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки дуйно бактылуулугун насип этсин. Адал ырыскыдан айрыбасын арам нерселерден сактасын
сиз ото бай адамсыз,ошону менен бирге балдарынызга ыйман,уйуган ынмымак, кетпес доолот,кемибес ырыскы берсин. Аллахым
06.07.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адалдан тапкан ак наным ашказанга аш болсун . Азамат эже экен .
07.07.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таразага тушуп алып,акчасын бербей кеткен адамдарды эх уят,уят!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: