Сот футболчу Лионель Мессини жана атасын 21 айга камакка алуу чечимин кабыл алды



Сот "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси жана атасы Хорхе Мессини 21 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Алар салык декларациясын толтурууда жасалма документ тапшырганы үчүн айыпталып жатышат. 2007-2009-жылы футболчунун атын колдонуудан түшкөн киреше жашырылганы 2013-жылдан бери айтылып келет. Мунун жыйынтыгында 4,1 миллион евро өлчөмүндөгү каражат казынага түшпөй калган. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары сот футболчуну 2 миллион евро, атасын 1,5 миллион евро айыпка жыкты. Айыпталуучулар Испаниянын Жогорку Сотуна арыздана алышат.
Испаниянын мыйзамдарына ылайык, сот кимдир бирөөнү 2 жылга жетпеген мөөнөткө камакка алуу чечимин чыгарса, муну шарттуу жазалар менен алмаштыруу мүмкүн. Андыктан ата-бала Месси камакка алынбай калышы мүмкүн.

жьмот экен да сальгьн төлөбөйбү убагьнда
Месси камалбаса керек,балким Чиссарого окшоп Барселона көчөлөрүн шыпырып айыбын жуушу мүмкүн...