Алмазбек Атамбаев "Я не могу жить без тебя" аттуу экинчи ырын ырдап чыкты
Кечээ, 6-июлда өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин гитаранын коштоосунда аткарган экинчи ыры интернетке жарыяланды. Президенттин айтымында, сүйүү тууралуу "Я не могу без тебя жить" ырын 2009-жылы жазган.
"Бул ыр кызыктай, аны мен 2009-жылы жазгам. Студенттик ансамблде соло гитарада илгерки вальс кайрыктарын ойночумун, андан тышкары Николай Асеевдин "Я не могу без тебя жить" аттуу ырын жакшы көрчүмүн. Бир күнү вальстын кайрыктарына ырдын сөздөрүн коштум, чынында, музыкага туура келбеген ырдын сөздөрүн бир аз өзгөртүүгө туура келген", - дейт президент.
Бул ирет ырга 1967-жылы тартылган "Ещё раз про любовь" тасмасындагы кадрлар колдонулган.
Алмазбек Атамбаев - Я не могу жить без тебя
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Ырдайт, бийлейт. Биз кылганды ал деле кылат. Бакиевке окшоп өзбекче билегенче орусча ырдап койгон түбөлүк өйдө.