super.kg logo
  Саясат  

Төрага Чыныбай Турсунбеков Баткен жана Ош облустарына иш сапары менен барды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 7-июлда Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен барганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Төраганын иш сапарына кыргыз парламентинин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышууда.

Чыныбай Турсунбеков иш сапарынын алкагында чек ара аймактарындагы абал, Ош-Баткен жолунун курулушу, социалдык мекемелердин абалы, мектептер менен ооруканалардын имараттарынын курулушу менен таанышмакчы. Ал сел жүрүү, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктардан жабыр тарткан калктуу конуштардын абалы менен жеринде таанышып, элет тургундарынын көйгөйлүү маселелерин мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргелешип чечүү аракеттерин көрмөкчү. Андан сырткары Баткен жана Ош шаарларында аймактык активдер жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: