super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Чет өлкөлүктөргө Бишкектеги эски, начар абалдагы үйлөрдү көрсөтүү уят"

 

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин борбордук бөлүгүндө 1996-жылга чейин курулган турак жайларды сүрдүрүү демилгесине каршы чыккан жарандык активисттер менен жолугушуу өткөрдү.

Текебаевдин айтымында, аталган демилгенин максаты - Бишкекти заманбап көрүнүшкө келтирүү. "Чет өлкөдөн коноктор борбор калаабызга келгенде эски, боз түстөгү, авариялык абалга жеткен үйлөрдү көрсөтүү уят. Эгер бул турак жайлардын ордуна жаңы имараттарды курсак, Бишкектин көрүнүшү кыйла жакшырат. Мыйзам долбоорунда "1996-жылга чейин салынган курулуштар сүрдүрүлөт" деген норма бар, бирок абалы жакшы үйлөргө эч ким тийишпейт. Эски үйлөрдүн ордуна бир гана көп кабаттуу турак жайлар эмес, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду куруу пландалууда", - деди Текебаев.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген борбордук бөлүгүндө 1996-жылга чейин курулган курулуштарды сүрдүрүү тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз жана башкалар. Жаңы заманбап имараттарды куруу үчүн эскилиги жеткен үйлөрдү (менчигинин түрүнө карабай) жана имараттарды мэриянын балансына алып коюп, сүрдүрүү жолдору сунушталууда.

Долбоорго ылайык, менчик ээсине мүлктүн баасындагы компенсация төлөнөт. Бузула турган мүлктүн базар баасын мэриянын комиссиясы жана көз карандысыз компаниялар, баалоочулар аныктайт. Мыйзам долбоору күз айларында парламентте каралмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: