super.kg logo

Жогорку Кеңештин спикери Баткендеги ички жолдордун абалын көрдү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 7-июлда Баткен облусундагы
Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак-Таян унаа жолунун абалы менен таанышты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Бакир Жолчиевдин айтымында, аймактагы ички жолдордун абалы өтө начар, жергиликтүү бюджеттин каражаты тартыш болгондуктан кыйынчылык жаратууда. Аталган жолдун курулушуна 2013-жылы 30 миллион сом каралса, ал толук түшкөн эмес. Ошондон улам анын 16 чакырымына шагыл төшөлүп, калган бөлүгүнө акча жетпей калган.

Турсунбеков транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго жолду министрликтин карамагына өткөрүп алып, жол куруу иштерин кышка чейин бүтүрүү, ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго сел алган көпүрөлөрдү тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын бергенин ЖКдан билдиришти.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Газ айылындагы мектептин мугалими окуучусу Тынчтык уулу Закир жакында химия сабагы боюнча республикалык олимпиадада экинчи орунду жеңип алганын айтып, спикер окуучуну жеңиши менен куттуктап, анын сүйүнчүсүнө мугалими аркылуу 30 миң сом берип жибергени айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.07.2016. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин оюм боюнча кийинки президенттике СДПКдан Чыныбай Турсунбеков коетго, Баткенге чейин барып айланганына караганда, не болсода бул жолу татыктуусун тандап алышыбыз керекда.
08.07.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Татыктууларын (мелис мырзакматов экс ош мээри)куугунтуктап жок кылышты жалан тулкулор иштеп жатат азыр
08.07.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бабанов президенттике татыктуу жеке ойум
08.07.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу Торага озгондун салам-алик айыл окмотунун да жолдорун коро кетсениз жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: