super.kg logo

Бишкектеги Жылуулук электр борборунда иштеген Кытайдын жарандары менен жетекчилик ортосундагы түшүнбөстүк Кытайдагы суу ташкынынан улам келип чыккан

 

Бишкектеги Жылуулук электр борборунда иштеген кытайлык жарандар менен жетекчилик ортосундагы түшүнбөстүк Кытайдагы суу ташкынынан улам келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 5-июль күнү болгон. Анда 6 кытайлык жаран өз өлкөсүнө барып келүү үчүн жетекчилигинен суранган.

Жетекчилик билет алып берүүдө кечиккен. Мындан улам кызматкерлер нааразычылык билдиришкен. Ошол эле күнү түшүнбөстүктөр жолго коюлуп, Кытайдын жарандары учуп кетишкен”, - деди Олжобай Казабаев.

Кытайдын 6 жаранынын өз өлкөсүнө барып келүүсүнө ал жактагы суу ташкыны себеп болгон.

Чет элдик маалымат агенттиктери тараткан маалыматка караганда, суу ташкынынан Кытай Эл Республикасынын Гуанси, Хунань, Хубэй, Сычуань жана Хэнань провинциялары көп зыянга учураган. Жалпы 1,5 миллион адам эвакуацияланып, 200дөн ашык адам каза тапкан. Ошондой эле Хунань провинциясындагы 3,5 миң гектар айыл чарба аймактарын суу каптаган. Суу ташкынынын келип чыгышына бир нече күн бою тынымсыз жааган жамгыр себеп болгон. Азырынча келтирилген чыгымдын 7 миллиард доллардан ашканы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: