super.kg logo

Башынан эки турмуш өткөргөн үч уулдун энеси Айдай Абдуллаева Бишкектин көчөлөрүндө кайыр сурап жан багат

 
Айдай Абдуллаева

Соңку мезгилдерде "Балдар - биздин келечегибиз", "Өлкөнүн эртеңи балдар менен" деген ураандар байма-бай айтылып келет. Терең маанини камтып, таасын айтылган сөздүн көчөдө балдарын жетелеп, кайыр сурап жүргөн Айдай Абдуллаеванын балдарына тиешеси жоктой.

Айдай Абдуллаева

Айдай Абдуллаева 27 жашта. Кара-Кулжа районунун тургуну. Учурда борбор калаадагы батирлердин биринде жашайт. Оштогу медициналык окуу жайды аяктаган, бирок өз кесиби менен таптакыр иштеп көргөн эмес. Балдарына тамак-ашка каражат табуу үчүн эл көп чогулган жерлерде колуна эки айлык баласын көтөрүп алып кайыр сурап жашоосун өткөрөт.

Бактылуу жашоодон үмүт үзбөй, кайыр сурап 3 баласын багып жаткан 27 жаштагы Айдай Абдуллаеванын оорукчан апасынан башка жакын адамы жок. Айдай 3 баласын тең операция жолу менен төрөгөн. Улуусу тубаса майып.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балама 3 миң сом мамлекеттен пенсия алганым үчүн кирешеңер ашып кетет экен деп кийинки эки балама жөлөк пул бербей койгон", - дейт Абдуллаева.

"Операция жолу менен төрөп, оор жумуш жасай албай калдым. Биринчи жолдошум бейбаш балдардын колунан каза болду. 5 жылдан кийин кайрадан турмушка чыгып, бирок турмушум оңдуу болбой калды. Жолдошум ичкиликке берилип кетти. Ажырашууга туура келди. Учурда иштебейм. Батирдин акчасын төлөй албай, көчө кыдырып кайыр сурайм", - дейт Абдуллаева.

Жолдошунун ичкиликке берилип кеткени турмуш түйшүгүн татаалдатып, кайыр сураган абалга келген, анткени жумушта иштеп каражат табууга мүмкүнчүлүгү жок. Балдары жаш. Уулуна кошулуп апасы да 2-топтогу майып. Психикалык жактан оорулуу болуп калган. Кээде жакшы сүйлөп, кээде акыл-эске сыйбаган кылыктарды жасап жиберет. Айдай Абдуллаева балдарын апасына таштоо кооптуу экенин айтууда.

Биздин чыгармачыл топ Айдай Абдуллаеванын батирине барганда анын апасы Айчүрөк Зикирова ошол жерде экен. Кызы менен маек куруп жатканыбызда чыгармачылык топко тоскоолдук жаратып жатты. Андан соң аны менен да маек курдук.

"Мен баса албай калдым. Бутум ооруйт. Кызымдын балдарын карай албайм. Алысыраак жакындарымдын үйүндө жашайм. Эки бир тууган иним бар. Алар менен байланышым жок. Бири ичкиликке берилип кеткен. Экинчиси таптакыр дайынсыз. Кайда экени белгисиз", - деди Зикирова.

Айчүрөк Зикирова кышкысын үйүнүн жанындагы базарга барып ысырык сатат. Бала карагандан көрө бир орунда отуруп ысырык саткан жеңил деп эсептейт. Анын айтымында, ойноок балдар көчөгө басып кетишсе, аларды токтотууга чамасы жок, себеби ал басканда кыйналат.

Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда өкмөттүн өкүлү болуп турганда жардам берип турганын айтышты.

"Жердешибиз Сооронбай азыр премьерлик кызматка келгенден бери жардам бере элек, биз менен байланыш үзүлүп калганбы... Турмушубуз татаалдашып кетти, чоң кызматка келиптир, жардам берер деп кызым экөөбүз үмүттөнүп жатабыз", - дейт Айчүрөк Зикирова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
09.07.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эгер акчам өзүмөн ашканда чоң жардам бермекмин.Буюрса баары жакшы болот(((
09.07.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эркектер жоопкерчилуктуу болушса уй булосуна аялдарын кыйнабай,кайсы бирине жетишет аял,акча табабы,бала багабы,тарбия береби же оорукчан энесин карайбы.
11.07.2016. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara__, кошулам.....
09.07.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен коргон элем,апасы экоо Оштода ысырык сатышчуу эле,анда Айдай жаш бойдок кыз эле,.
09.07.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул жерде айыл башчы деген болот айылдык жердештери да ынтымакташып коз салып турса болот шаарда журбой айылынарга барып жашагыла шаарга Караганда айылдын адамдары кайрымдуу мееримдуу.....
09.07.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тирилик деп журуп кара куурсактын айынан омурубуз кантип отуп кеткенинда билбей калат экенбизда. Аллахым силерге ден соолук берсин!
09.07.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Pirimkul, Эн бир туура соз айтыптырсын.
09.07.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эркек касиетин жоготсо аял байкуш кунумдук оокат учун мусаапыр болот деп биздин эркектер касиетин жоготуп бараткандай
09.07.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
nakiw,ошону айтсан кочодо бош жургон жигитинен баштап чоон молдолорубуздан бери баардыгы эле аялга асылышат мындай кийинишинер керек мындай журушунор керек деп а озулорунон кымындай кемчилик корушпойт.Азыркы эркектер жоопкерчиликсиз тайкы копчулугу.Бирда жолу ажырашкандан кийин балдарын атасы алып калыптыр дегенди уга элекмин кайра эле бойдок болуп алышат мактанышып мен керек болсо сенденда жаш кыз алам деп мактанышып аялына
09.07.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kaidiger,туура айтасын..
09.07.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары жакшы болот
09.07.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Диплому болсо оз кесиби менен иштесе болот го. Аллахым сабыр берсин.
09.07.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tahmina.Musaeva, Балдарын кимге таштайт иштесе кыйын эле болуптур эр олгур кунолуу да ичип кетип.
09.07.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tahmina.Musaeva, мед тармагына ишке шапкесиз албайт да , пол жууганы дагы таанышыны салып журуп киресин. )))))
09.07.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Медицина окуу жайын аяктаганы эн жакшы экен.бироо жол корсотуш кк экенда
09.07.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
азыркы учурда жумкшка орношууда оной эмес.бул келиндин кичинекей наристеси бар экен
09.07.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр окуу жайды бутуруп,турмушта оз жолун табалбай жургон жаштарыбыз ото коп.ар кимге Жараткан туура жол коргозсун!
09.07.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушунун баары эркектердин жоопкерчиликсиздигинен, аял затын сыйлабастыктан болуп атат. Кайсы элде жудоо корсон зайыпты ошол элдин уулуна кой айыпты. Азыркы биздин эркектер жатып ичээр эптеген эле жан болуп калышты. Катын баласын мындай кой кара жанын бага албай жургон эркектер толтура. Ал эми майып баланын 3000 сом пенсиясын коп коргон наадандарга кудай жеткирсин деп айтмакчымын. Кимге кандай жамандык кылсан озуно кайтып келет.
09.07.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Албетте эжеге абдан оор болуп жатат. Аллахым озу жардам берсин.
09.07.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучтуу,жетим оз киндигин озу кезет демекчи бул балдар да чонойушат.Азыр алдуу белдуулор мындай корунушту
коруп билип турса да айланып отушот.Жок дегенде соц фонттогулар балдарга берилуучу пособиясын чыгарып
беришпейби??
09.07.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу биз жашаган коомдо ушундай жараандар жашаганы.
09.07.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аксанат туура айтасыз,ошолор уйлонсун,торт аял алгысы келген чиновниктер уйлонсун.
09.07.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эже деле туулган жеринде торолгон чонойгон уйундо жашап, огородуна кичине жашылча эге койуп тирилик кылса мынчалык кар болбос беле.Айылында коншу колону туугандары деле кичине колдоо корсотот болчу жок дегенде балдары кошунанын балдары мн ойноп турса деле иши бутуп калат. Шаарда уйу таанышы иши болбосо озун дагы балдарын дагы кыйнап .
09.07.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турсунбай Бакир уулу шариятты жамынып жаш кызга үйлөнбөй алса болмок ушундайларды. Тамак аш менен камсыздап батир алып берип балдарын окутуп-чокутуп сообун алса болотда.
09.07.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсыздарбы, номерин берип коесуздарбы?
09.07.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tram-lamдан башка эч киминердин аракетинер жаккан жок. Мекендешибиз биздин созубузго эмес жардамыбызга муктаж. Сураныч номурун жана адресин билгендер болсо кабарлагылачы.
09.07.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым, мага дуа кылышчы.. эртен акча таап коп кабаттуу уй, машина алгандан коро ушул бей бечарага жардам берейин
09.07.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо ушундай жардам га муктаж адамдардын байланыш номерлерин жазып калтырып кетсенер жардам бермекпиз
09.07.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер ге кенешим ушундайадамдар учун атайын портал ачып койсонор болмок
09.07.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөк сыздайт,биринчи күйөөсү аман болгондо мындай күндү көрмөк эместир балким. Өлтүргөн бейбаштарды арбагы урсуна. Кудайым колдосун силерди!
09.07.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tram-lam, Kalemkash, muazzam, nuru95kg, суроолоруңуздарга купуя аркылуу жооп берилди!
10.07.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар Ошто ХБКда жашайт болчу. Бечара апасы кыйла эле оорукчан(((
10.07.2016. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ош шаарында 2 болмолуу уйу бар. Анда квартиранттар жашашат.
10.07.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, мага да номерин купуяма жибериниздерчи ....
10.07.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalima88, сурооңузга купуя аркылуу жооп берилди!
10.07.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу аял экен 3 баласы бар бюрса жакшы болот баары сабыр тилейм
leilek_suluktu түзөттү 2016-07-10 17:36:46
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: