super.kg logo
  Спорт  

"Азиянын балдары" мелдешинде кыргыз спортчулары 1 алтын, 1 коло медаль камсыздашты

 
Денис Петрашов (ортодо) сыйлоо аземи учурунда
Кыргыз мамлекетинин делегациясы параддан өтүп баратат.
Кыргыз мамлекетинин делегациясы параддан өтүп баратат.
Ачылыш аземи
Ачылыш аземине Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев катышты.
Ачылыш аземи
Ачылыш аземи

Кыргыз спортчусу Денис Петрашов 6-Эл аралык "Азиянын балдары" мелдешинде алтын медаль тагынды. Якутияда өтүп жаткан мелдеште спортчубуз сууда сүзүү боюнча (200 метр аралыкка брасс стилинде) 1-орунду камсыздады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Бул Кыргыз Республикасынын спортчуларынын аталган мелдештеги экинчи медалы. Буга чейин балбан Тайырбек Жумашбек уулу 38 килограмм салмакта килемге чыгып, коло медаль тагынган.

Кошумчалай кетсек, 6-Эл аралык "Азиянын балдары" мелдеши өспүрүм спортчулардын катышуусунда 17 июлга чейинки аралыкта өткөрүлөт (5-июлда башталган). Анда жалпысынан 22 спорт түрүнөн 321 комплект медаль ойнотулууда.

Бул жолу мелдешке катышууга 38 команданын (Азия өлкөлөрүнөн, Европанын айрым өлкөлөрүнөн жана Орусиянын аймагынан) өкүлдөрү келишти. Спортчулардын саны 3329ду түзөт.

Кыргыз мамлекетинин желеги астында аталган мелдешке 90 спортчу катышууда. Алар 15 спорт түрү боюнча күч сынашмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: