super.kg logo
  Саясат  

БШК бүгүн депутат Жыргалбек Саматовду мандаттан ажыратуу маселесин карайт

 

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Алгач депутаттын кош жарандуулугу боюнча Орусиянын Башкы прокуратурасы тарабынан жиберилген маалымат каралып, анын жыйынтыгына карата чечим чыгат.

Саматов 2015-жылдын декабрь айынын башында мандат алып, парламентте ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган. Муну комиссия мүчөлөрү: "Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык", - деп билдиришкен.

Депутат Саматов SUPER.KG'ге: "БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарып салып, кийин соттун чечими менен БШКнын чечими жокко чыгарылып, мандатка ээ болгом. Бул маселени БШК кайрадан караганы жатат. Ошондуктан мен буга чейин эле Орусиянын жараны же жараны эместигимди далилдөө максатында Орусиянын сотуна кайрылгам. Учурда сот бул ишти карап жатат. Ошол себептүү БШК бул ишти азыр кароого эч кандай акысы жок. Буйрутма ким тарабынан болуп жатканы белгилүү", - деп билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: