super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Темир кур кокусунан денеме тийип калса жанды кашайтат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Зер буюмдардан аллергия болуу эмнеден?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Менин денем аябай эле башкача окшойт, моюнума күмүштөн башка чынжырларды же шакектерди тагынсам кызарып, кычышып аллергия боло берем. Ал аз келгенсип темир кур кокусунан денеме тийип калса жанды кашайтат".

"Менде да ушундай көйгөй. Күмүш, алтындан башка нерселерди тагынсам аллергия болуп кетем, бирок алтынды жактырбайм. Күмүштү жактырам".

"Бул нерсенин эч кандай коркунучу жок. Менин да зер буюумдарга аллергиям бар. Алтын, күмүштөн башкасы териме жакпайт. Дерматолог-венерологдорго кайрылып көрүңүз".

"Алтын, күмүш теридеги токсин, микробдорду өзүнө сиңирет. Ошондуктан аллергия пайда болот. Атайын крем, майлар (мазь) болот, ошону сыйпасаңар кутуласыңар".

"Кыжалат болуунун кереги жок. Мен дагы алтын тагынып, аны алып ордуна жөнөкөй сөйкө таксам кадимкидей кычышып, аллергия болом. Ошондуктан жөнөкөй буюмдарды такпай, алтын, күмүш такканга аракет кылам. Сиз дагы алтын тагып, үч күндөй чыдап көрүңүз, денеңиз сөзсүз көнүп кетет деп айта алам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: