Жыргалбек Саматовдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Болотбек Ибраимжанов келери күтүлүүдө
Экс-депутат Жыргалбек Саматовдун мандаты Болотбек Ибраимжановго берилмекчи. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Республика-Ата Журт" фракциясынын катчылыгынан билдиришти. Маалым болгондой, партиянын тизмеси боюнча Б.Ибраимжанов кезекте турат.
Айта кетсек, бүгүн, 8-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы "Жыргалбек Саматовдун кош жарандуулугу бар" деген негизде аны депутаттык мандатынан ажыратты.
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич 1965-жылы туулган жана "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















