Манасчы Замирбек Баялиев "ЮНЕСКО шедеврлери Олонхо жеринде" Эл аралык фестивалына катышууда



Учурда Якутияда "ЮНЕСКО шедеврлеринин жолугушуусу Олонхо жеринде" Эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ага кыргыздын белгилүү манасчысы Замирбек Баялиев да катышууда. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясы маалымдады.
Фестиваль 5-июлда салтанаттуу түрдө "Орто Дойду" туристтик-этнографиялык комплексинде ачылган. Бул жылы эл арасындагы достукту, тынчтыкты бекемдеген фестиваль VI Эл аралык "Азия балдары" спорттук оюндарынын алкагында өтүп жатат.
Фестивалдын алкагында 10 өлкөдөн 13 ЮНЕСКОнун шедеври көрсөтүлөт. Индия элинин белгилүү "Рамаяна" эпосу айтылса, Кыргыз өлкөсүнөн Замирбек Баялиев "Манас" айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.