super.kg logo

Ош шаары менен инфраструктураны өнүктүрүү багытында Кытайдын Гуандун провинциясы кызматташат

 

Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабиров Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынан келген Архитектуралык кооздоо ассоциациясынын башчысы Лань Фан айым менен жолугушту. Анда ар тараптуу кызматташуу туурасында сөз болуп, аны менен катар Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү багыты боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу 9-июлда Ош мэриясынан билдиришти.

Сабиров Ош шаары эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, Кытай тараптын шаардын экономикасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон бирдиктүү долбоорлорго жигердүү катышып жатканын айтты.

“Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык, маданий жана достук байланыштары күн санап бекемделип жатканы мени кубандырат. Гуандун провинциясынан келген бүгүнкү инвесторлор шаарыбыздагы ишкерлер менен бирдиктүү иш алып барып, калаанын
гүлдөп-өсүшүнө салым кошот деп терең ишенем”,
- деди Ш.Сабиров.

Лань Фан айым Кытай туулган жери болсо, Ош шаары анын сүйүктүү жайларынын бири экенин айтып, инвестор тартуу багытында иш алып барып жатканын белгиледи.

"Өткөн жылы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Андыктан бул шаарга керамика, курулуш материалдары, пластикалык терезелерди чыгарган ири компаниялардын жетекчилерин алып келдик. Азыркы тапта иштебей калган бир нече өндүрүш ишканаларын карап чыктык. Биз Ош шаары менен кызматташууга даярбыз”, - деди Лань Фан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.07.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en jakshi janylyk aiagyna chein kyzmattashyp 2 jaka ten paida alyp kele turgan kylgyla sebebi guangdong provinsiasy tushtuk kytaida en onukkon oblast anyn ichinde duinodo en chon shaarlary bolgon guangzhou gonkong shenzhen makau shaarlary bar infrastrukturany jakshirtsa jakshi bolmok oshto
09.07.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто эми кытайлар кобой деген жанылык экенда
09.07.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызматашкан жакшы. Бирок провинция деп жазылат супер тууган
09.07.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кытай менен кызматташпай эле койсун ансыз да бут даамсыз химикат азыктары сапатсыз буюмдары тажатып бутту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: