super.kg logo
  Саясат  

Жардыргыч заттан көз жумган милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам бөлүнөт

 
Бишкекте жардыргыч заттан улам оор жаракат алып, ооруканада көз жумган милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө материалдык жардам бөлүнөт. Бул тууралуу 8-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Учурда бөлүнө турган жардамдын суммасы такталууда. Ал эми аталган окуяны тактоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды. Эске сала кетсек, 30-март күнү ишембилик учурунда Ак-Өргөө жаңы конушунда №4-шаардык милиция бөлүмүнүн инспектору Шамил Усубалиев көчөдөн баштыкка оролгон буюм таап алган. Аны ачып жатканда ичиндеги жардыргыч зат жарылып, аталган кызматкердин алаканы үзүлүп, ооруканага эсин жоготкон абалында жеткирилген. Жаракаттан улам Усубалиев 7-апрель күнү ооруканадан көз жумган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: