super.kg logo

Түркиядагы кыргыз улутундагы аскер Ван облусундагы жардыруудан каза болгон

 

Түркиянын Ван облусундагы Эржиш аймагындагы жардыруудан 15 аскер жарадар болуп, 2 аскер каза болду. Алардын бири кыргыз экенин SUPER.KG порталына Анкарадагы Кыргыз достук жана маданият коомунун өкүлчүлүгүнүн катчысы Адилет Абишов бүгүн, 10-июлда билдирди.

"Террорчулар унаага жардыруучу заттарды салып, аскердик базага чейин кирип жардырышкан. Жардыруудан 15 аскер жаракат алып, экөө каза болгон. Бири түрк болсо, бири кыргыз. Каза болгон кыргыз улутундагы аскер - Туранбег Гүрожак. Ал эртең, 11-июлда Улуу Памир айылында жерге берилет. Уулу да аскер экен, атасына топурак салууга бүгүн келиптир", - деди Абишов.

Жардыруу Күрд жумушчу партиясынын согушкерлери тарабынан уюштурулганы айтылууда.

Маалыматка ылайык, Ван облусунда 3000дей кыргыз жашайт. Алар Ош шаарынан Ооганстанга барып, жарымы ал жакта калып, жарымы Түркияга Рахманкул хан менен көчүп барышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.07.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туранбег гурожак деген кыргыздын атыбы?
11.07.2016. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k, Туркиядагы коп жылдан бери жашаган кыргыздардын аты.
11.07.2016. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
каны кыргыз.улуту кыргыз.боордошубуздун арты кайрылуу болсун
11.07.2016. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы бейиш болсун.Терористерге эмне жетишпейтат Туркияга асылып туруп алышты
11.07.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azizbek.kg8,туркияда коп улут жашайт алардын ичинде куртор жашаган аймакта коп андайлар
11.07.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан тынчыйт абал, эки күндүн биринде жардыруу... Кишини сарсанаа кылып...
Эгер күрддөр кылып жаткан болсо, бир Кудайдан жөө качкан, Кудайдан коркпогон немелер экен го.Булар өзүнчө мамлекет болобуз деп жүрүшсө керек, эми алардын мамлекетинин жок болгону үчүн башкалар азап тартышы керекпи...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: