super.kg logo

Вьетнамдык үй-бүлө 40 жылдан ашуун жунгли токойлорунда Американын бомбалоосунан жашынып жүргөн (фото)

 

Вьетнамда ата-бала 40 жылдан ашуун жунгли токойлорунда АКШнын бомбалоосунан жашырынып жүргөн жеринен кадимки жашоого кайтышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Хо Ван Лангдын алгачкы ирет эл менен жолугушуусу

Хо Ван Тхань уулу Хо Ван Ланг менен 1972-жылы АКШнын асмандан жасалган чабуулуна дуушар болушкан. Бул чабуул алардын үй-бүлөсү жашаган бүтүндөй айылды талкалап салган. Туугандарынын баары ошол согушта каза болгон соң Ван Тхань уулун алып жунгли токойлоруна кирип кеткен. Ошол бойдон Ван Тхань согуш дале уланып жатат деген ой менен өмүрүнүн 40 жылдан ашуунун чер токойдо өткөргөн.

3 жылдык нормалдуу жашоодон кийин Хо Ван Ланг жунгли токойлоруна кайра барып, сүрөтчүгө мурунку жашоосун образдуу түрдө көрсөтүп берген. Сүрөттөрдөн анын кантип жашаганын, кийинип жүргөндөрүн көрүүгө болот. Атасы 85 жашта болгондуктан, токойго келе алган эмес. Андыктан анын сүрөттөрү интернетте кездешпейт.

Ван Лангдын тамактануу учуру

"Жакын арада адамдар пайда боло калган учурларда биз алардын көзүнө көрүнбөөгө аракет кылып, болушунча алысыраак кеткенге умтулчубуз", - деп айткан Хо Ван Тхань.

Ван Ланг 3 жылдык нормалдуу жашоодон кийин жунгли токойлоруна келгени

Жакында эле согушта аман калган туугандарынын бири аларды таап алып, нормалдуу жашоого кайтып келүүгө көндүрүүгө болгон аракетин жасаган. Бирок жапайы жашоого көнгөн немелер оңой менен макул болушкан эмес. Ван Тханга медициналык жардам керек болгондуктан гана кайтууга макул болушканы айтылат маалыматтарда.

Ата-бала жунгли токойлорундагы жашоого аябай көнүшүп, тамак-аш табууга, жырткыч жаныбарлардан коргонууга үйрөнүшкөн. Болгону уулу Ван Ланг дүйнө менен байланыштан толук ажыратылгандыктан, 42 жашка чыкканына карабай убакыт тууралуу түшүнүгү жок. Ал үчүн эң кызык кереметтердин бири электр тогу болгон.

Учурда алар Вьетнамда айылдардын биринде жашашат. Хо Ван Ланг заманбап жашоого аз да болсо көнүп, жер иштетүү менен алек болуп, үйлөнүүгө камынууда.

Белгилей кетсек, 1950-жылдардын аягынан 1975-жылдын 30-апрелине чейин уланган Түштүк-Чыгыш Азияда болгон согуш Экинчи Вьетнам согушу деген аталыш менен тарыхта белгилүү. АКШ 8 жыл бою Вьетнам Демократиялык Республикасынын иштерине куралдуу аскердик кийлигишүүсүн уланткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
11.07.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Америка өздөрүн адам укуктарын короочусу катары, адам баласына көрсөткөн кордуктарын чектен чыккан. (алар мага жамандык жасаган эмес деп)Мухамед Али ушул согуштан баш тартканда. Каармандын атасынын Жүрөгүнүн үшүн алып койгон экен. 40 жыл деген эмне деген шумдук. Адам укугун коргогучун булардын!
11.07.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
wumdugun kurguur
11.07.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин замандын Мауглиси жана Тарзаны... Өкүнүчтүү... Эми жаңы жашоого көнүүгө, аралашууга, аны өздөштүрүүгө көп убакыт талап кылынса керек...
11.07.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулар жонундо кино тартышса, реалду жашоодон алынып жакшы тасма чыгышына шегим жок!
Кино башталып буткончо ыйласам керек))
11.07.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх Америка канчан жандын канын жутуп жанын кыйдын.Токтот бул ишинди жетишет .адамзатка тынчтык керек
11.07.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
рембодон качып журушуптур да
11.07.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буткул дуйнолук уйум адам укуктары бойунча уйумдар ушул сыяктуу геноцидге чейин апарган американы доого жыгыш керек болгонло да дуйно жузуно таанымал кара так сымал кылып. Америка озунун адам укуктары бойунча кыргындарын же оздору тараптан укуктук бузулууларын такыр эске алышпайт. Мына жакында эле озбектердин лидерлери болгон Азимжан Аскаровдун камалуусуна киришкенин не десин..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: