Оштогу Барак анклавынын жашоочулары чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылышууда
8-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавынын тургундарын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, алардын талаптарын укту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү тургундар жазгы талаа иштери башталганын, мал кайтарууда чек ара көйгөйү жаралып жатканын айтышты. “Малды жайлоого чыгаруу керек. Аны да чек арадан айдап өтүүгө туура келет” дешип, маселени чечип берүүсүн облус башчысынан өтүнүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

