super.kg logo

"Курманжан датка" тасмасын аягына чыгаруу үчүн бюджеттен кошумча 30 миллион сом бөлүнөт

 
“Курманжан датка” толук метраждуу көркөм тасмасын аягына чыгаруу үчүн бюджеттен кошумча 30 миллион сом бөлүнөт. Мындай чечим бүгүн, 8-апрелде ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинде кабыл алынганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. “Биздин алдыбызда эл аралык деңгээлге чыгып, ар кандай кароо-сынактарга катыша ала тургандай фильм тартуу милдети турат. Бул фильм өзүн каражат жагынан актай алабы, азыр айтыш кыйын, Кыргызстанда кинопрокат тутумунун 30 пайызы гана иштейт. Бирок тарбия жагынан кыргыз элине, анын келечек муунуна кызмат өтөй турганына толук ишеним бар”,- деди тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз. Мындан сырткары депутаттар кинодон үзүндүлөрдү көрүп чыгып, аны жактырышкандыгын билдирүү менен, идеологиялык тарбиясы бар иш үчүн каражатты аябоого чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
08.04.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо каражат сарпталыптыр коробуз канчалык денгээлде тартылар экенин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: