super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Чынбы, жалганбы?" клибинде маскарапоздун бетин өзүм боёп, бир топ убакыт кетиргем" дейт Кенже Дүйшеева

 

Кенже Дүйшееванын "Чынбы, жалганбы?" ырынын клиби учурунда популярдуу болуп, кыргыз шоу дүйнөсүндөгү кызыктуу, сапаттуу тартылган клиптердин катарын толуктайт. Ар дайым бир иштин майын чыгара аткарган Кенже айым бул клиптин сценарийин жазып, клип тартуу учурунда жадакалса визажисттин да милдетин аткарган.

"Чынбы, жалганбы?" чыгармасынын сөзү маркум Медер Осмоналиевге, обону Алишер Маматалиевге таандык. Ырдын маанисин жактырып, ырдап көрүүнү чечкем. Жашоодо ар бир адамдын арманы бар эмеспи, андыктан клипте маскарапоз ыйлаган, кайгырган, кубанган адамдын образын жаратат. Ошондой эле жашоодо жыгылган, кыйналган, ошол эле учурда сүйгөн адамдын да образы берилет.

Тартуу учуру, ырдын жаралышы да кызык болгон. Башка клиптерди тартууда чарчап, бат кыйналып кетсем, бул клиптин үстүнөн иштөөдө кыйынчылыктар анча сезилген эмес. Клип тартуу түйшүктүү болсо да, жагымдуу болгон. Алгач толук кишини тарталы дегенбиз, бирок экөөбүз экранга төп келбей калат экенбиз. Андыктан маскарапоздун образын тандаганбыз. Ал учурда мыкты макияж жасагандар аз болчу, андыктан башкы каармандын бетин өзүм боёгом. Улам өчүрүп, кайра тартабыз, бирде кашы окшошпой калат, ошентип жатып гримдөөгө эле бир топ убакыт кетиргенбиз", - деп билдирди Кенже Дүйшеева клипти тартуунун таржымалы тууралуу.

Кенже Дүйшееванын "Чынбы, жалганбы?" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: