super.kg logo

Канимет Бодобаев: "БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушу милдеттүү эмес"

 

Эгерде сот Азимжан Аскаровдун укугу бузулган десе, анда мурдагы соттун чечимдери жокко чыгарылышы керек. Эгер сот кандайдыр бир жагдайлар жакшы каралбай калыптыр деген болсо, иш тергөө органдарына кайра жөнөтүлөт же сот органдарына кайра карап чыкканга сунушталат”, - дейт Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын доценти Канимет Бодобаев.

Ошондой эле ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушу милдеттүү эмес экенине токтолду.

Эгер эл аралык уюмдар адам укуктары бузулган десе, анда жаңы жагдайга байланыштуу сот кайра карап чыкканга укуктуу. Азимжан Аскаровдун иши ушундай болуп жатат. Эл аралык уюмдар тарабынан басым жасалып жатабы-жокпу, аны айта албайм. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушу милдеттүү эмес. Эми акыркы чечимди сот чыгарат”, - деп кошумчалады Бодобаев.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Жогорку Сот болсо Азимжан Аскаров арыз жазса, жаңы жагдайлар боюнча иш кайра караларын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.07.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскаровтун адвакаты коркутатго!милдетту аткарбаса болбойт деп!!!Аскаровту бошотуп жиберсе бийлик дагы бир жолу алсыз коз каранды экенин корсотуп койот!
11.07.2016. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбектер дин башы иштегенин ангеле меркел сураныптырго бошотушун ушул озбектин бошотушатко анда.бошотпозтук керек болчу озу
12.07.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну койоберген болсо адвокат соттор тируу журушун ойлонушсунда жактаган адамын кошуп тируулой комуп салыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: