super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Чүй, Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз маршруттук каттамдын айдоочулары жүргүнчүлөрдү тейлеп жатышат" дейт окурман

 

Бишкектеги Чүй менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз маршруттук каттамдар жүргүнчүлөрдү Сокулук районуна ташып жатышкандыгы тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.

"Бул маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташып жатышат. Бир күнү кырсык болсо ким жооп берет? Жөнөкөй адам маршруттук каттам ачуу үчүн канчалаган документ чогултуп, иш баштайт. Айдоочулар күндө текшерүүдөн өтүп турушат, бул каттамдын айдоочуларын көзөмөлдөгөн бир да нарколог жок. Аларды ким көзөмөлдөйт?" - деген суроо салды окурман.

Бул маселе тууралуу Автомобилдик жана сууда сүзүү транспортунун мамлекеттик агенттигине кайрылганыбызда, аталган көчөлөрдүн кесилишинде орун алган "Бөрүлү" жоопкерчилиги чектелген коомунун 32 айдоочусуна жана "Автожанр" жоопкерчилиги чектелген коомунун 8 айдоочусуна айып пул салынганын билдиришти. Алардын көпчүлүгүнө жол барактары жок болгону үчүн айып пул салынган.

Окурмандын айтканы боюнча, айып пул салынса да, учурда Чүй менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги маршруттук таксилердин айдоочулары каттам схемасы жок эле жүргүнчүлөрдү ташып жатышат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир депутаттын маршруткаларыдыр...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: