Евро-2016: Чемпион аталган Португалияны президент баштаган күйөрмандары кубаныч менен тосуп алышты (фоторепортаж)




















Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалында Францияны утуп, чемпион аталган Португалия курамасы мекенине кайтты. Улуттук курамды өлкө башчысы Марселу Ребелу де Соза баштаган күйөрмандар кубаныч менен тосуп алышты.
Футболчулар Лиссабондогу аянтка автобус менен келип, миңдеген күйөрмандар менен жолугушту.
Кошумчалай кетсек, Европа чемпиондугу 11-июлга караган түнү аяктады. Португалия курамасы финалда 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жеңиш голун оюндун 110-мүнөтүндө Эдер жаратты. Алган жаракатына байланыштуу Криштиану Роналду 25-мүнөттө майданды таштап кетүүгө мажбур болгон. Тарыхындагы эң көрүнүктүү ийгиликти жараткан курам чемпиондукту майрамдоону "Стад де Франс" стадионунда баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
JoldosovNurislam

12.07.2016. 10:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
роналдууууууу
expert.007

12.07.2016. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайм женишинер менее
SweetLady

12.07.2016. 12:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Руй Патрисиу жагып калдыыыы)
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.