super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ИЮЛЬ: "Соң-Көл чүрөгү" аталган Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо 72 жашка толмок

 
Таттыбүбү Турсунбаева Ак Мөөрдүн образында
Болот Бейшеналиев "Ак Мөөр" тасмасында Болоттун образында

Мындан 72 жыл мурун, 12-июлда Кыргыздын "Соң-Көл чүрөгү", "сахнанын ханышасы" аталган, театр жана кино артисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева төрөлгөн. Ал Нарын облусунун Чаек кыштагында жарык дүйнөгө келген. Бул инсан тууралуу сөз болгондо периштедей сахна жылдызы, чанда жаралган талант, ички дүйнөсү баладай таза, ишенчээк жан жана Ак Мөөрдүн элесин берген ак куу, трагедияга айланган өмүр, армандуу тагдыр көз алдыга тартылат. Көзү өткөнүнө бир топ жылдар болсо да, Таттыбүбү Турсунбаеванын жапжаш, сулуу элеси эл эсинде сакталып турат.

Театр жана кино тармагында бир топ ролдорду ойногон актрисанын тагдыры "Ак Мөөр" тасмасындай трагедиялуу аяктаган. Тасмада сүйгөнү Болотко жетпей калгандай эле чыныгы жашоодо да актёр Болот Бейшеналиев экөө бири-бирин сүйгөнү, бирок тагдырдын тайкылыгынан бирге боло албай калганы тууралуу көп маалыматтарда айтылат.

Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.

12-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.07.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх,армандуу суйуу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: