Жабырлануучу: "Аскаровдун укугу корголот да, эмнеге менин укугум корголбойт?"

Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар каралып жатат. Анда 2010-жылдын Июнь окуясында каза болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Сулайманова мурдагы соттун чечими күчүндө калышын сурады.
“Жогорку Соттун чечими чыккандан кийин эмнеге кайра карап жатасыңар? Каяктагы Аскаров үчүн мыйзамдын баарын бузушубуз керекпи? Аскаровдун укугу корголот да, эмнеге менин укугум корголбойт?! Аны 47-абактан которуп, күчөтүлгөн режимдеги абакка камоону өтүнөм. Соттун мурдагы чечимдери күчүндө калсын”, - деди өз сөзүндө жабырлануучу Сулайманова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

18-берене. Жогорку Сотунун актылары
1. Жогорку Сотунда түзүлүүчү соттук инстанциялар өз чечимдерин токтом жана аныктама түрүндө кабыл алат.
2. Көзөмөл иретинде каралган иштер боюнча Жогорку Сотунун соттук инстанцияларынын токтомдору акыркы чечим болуп саналат жана ага даттанууга болбойт.
Жогорку Соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. Анда эмнеге дагы каралып атат. Жаны жагдайлар боюнча иш томонку инстанцияларда гана каралат