super.kg logo

Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин иши: "Кызым бул кылмышты кылбаганын айткан" дейт суракка алынган айыпталуучунун апасы

 

Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук отурумга айыпталуучу А.Субанованын апасы Айзадахан Садыкова суракка күбө катары чакырылды.

"Кызым мага аны өлтүрбөгөнүн айткан. Айдай 2011-жылы турмушка чыккан, экөөнүн ортосунда 2 баласы бар. Экөөнүн мамилеси жакшы болчу. Кызым күйөөсү тууралуу даттанчу эмес. Биздин үйгө кез-кезде эле келчү. 2015-жылдын 12-13-августунда Айдай балдары менен үйгө келип кеткен. 15-август күнү эртең менен дагы келди, ал коркуп жатканын айтты, бирок эмнеден коркуп жатканын айткан жок. Ошондой эле ал Эрлан үйдө жок экенин кошумчалады. Менден бычак сурады, мен ага нан кесе турган бир кичинекей жана эт кесе турган узун бычак бергем, ал аларды сумкасына салды. Мен ага милицияга тез арада арыз жаз деп айткам", - деди Садыкова.

Анын айтымында, Эрлан Оркошев каза болгонун ал интернет аркылуу билген.

"Күйөөсү өлгөнүн укканда Айдайдын реакциясы кадимкидей эле болду. Аны Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан алып кетип жатканда мен жанында болчумун, кызым мага бул нерсени кылбаганын айткан", - деп кошумчаларды күбө Садыкова.

Кийинки соттук отурум 14-июлга дайындалды.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
12.07.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
башка адам болгон окшойт го...
12.07.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
waitan kylgan okwoit da
12.07.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1 жылдан бери териштирип бутпой коюшту го
12.07.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озу олтурбосо ким олтургонун кимдер катышканын билет да балдардан жузу жарык болуш баарын ачык айтыш керек да.
12.07.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул жерде бир сыр бар өңдөнөт... Балким мунун артында турган адамдар, Айдайды катуу коркутуп, кылмышты моюнуна алууга мажбур кылышкандыр.. Балдарынын келечегин ойлоп да алардын айтканына макул болгондур..
12.07.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апасы эки бычак бергенмин дейт го кызынан бычакты не кыласын деп сурабайбы. Азыр бир уйдон бир уйго бычак сурагандар жокко эсе го
12.07.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
anu.alfia04,коркуп жатам деди дейт, милицияга арыз жаз дедим дейт... Кимден корккон, кимдин үстүнөн арыз жаз деген.... Түшүнүксүз суроолор көп го, апасынын сөзүндө....
12.07.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушуну детектор лжи сыяктуулардан колдонуп сурак кылса болбойбу
12.07.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушунча болду эми кыздын ойношу кылганго анда мен ушунтип шекший баштадымда
12.07.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ким эле апасына мен өлтүрдүм дейт эле
12.07.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз колунан келмек эмес аялдын, жанында эркеги болгон оюмча
Эртенкисин ойлобогон да козун май баскан келин
12.07.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адашкандардын жолунан сакта,туура он жолуна сала кор жаратканым.
12.07.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат го бул жагы
12.07.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башында эле келин ойлогом бирдемкени жашырганын
13.07.2016. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намыс олумдонда катуу деп бекер айтылган эмес.Окунучтуу.
13.07.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу койнундагы эрин олтуруш келиндин колунан келбесе керек артында бир нерсе турат болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: