super.kg logo

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары комитетинин сунушун жарым-жартылай канааттандырып, ишти Чүй облустук сотуна жөнөттү

 

Бүгүн, 12-июлда Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар каралып, Качыке Эсенканов баштаган соттук коллегия ишти Чүй облустук сотунун кароосуна жөнөттү.

Чечимге ылайык, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жаңы соттук процессти жүргүзүү сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү жана Жогорку Соттун токтому жокко чыгарылды. Ал эми Базар-Коргон райондук сотунун өкүмү күчүндө калды. Райондук сот Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан эле.

Соттук коллегиянын төрагасы Качыке Эсенканов: “2016-жылдын 11-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы ачык соттук отурумда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги чечимине ылайык соттолгон А.Аскаровдун жана анын жактоочусунун арыздарынын негизинде А.Аскаровго карата жазык ишин жаңы жагдайлар боюнча карап, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 389-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылсын. Жазык иш апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберилсин. Аныктама акыркы даттанууга жатпайт”, - деп аныктаманы окуду.

Мындай чечимге жабырлануучу тарап макул болгон жок. Жогорку Соттун бул чечимине нааразы болгон жабырлануучу тарап жактоочулардын дарегине жаман сөздөрдү айтып, аларды жулмалоого аракет кылды.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын апрель айында чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, зарыл болсо жаңы соттук процессти жүргүзүү керектигин белгилеген.






Жогорку Соттун Азимжан Аскаровдун иши боюнча чыгарган чечими

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
12.07.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандай жокко чыгарылат эми Кадыржан Батыровту дагын актагыла.Жабырлануучулардын тарабын ким коргойт.Атасыз калган балдардын,куйосуз калган аялдардын,баласыз калган энелердин,аксиз байкесиз калган бир туугандардын укугун ким коргойт айткылачы.
12.07.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай молодецтер рахмат актагыла кылмыш кылсын, адам олтурсун, уурдасын биз актай беребиз. Ушул жетим олсо да биз да кутулсак.Бизде олгон адамды эч ким коргобойт себеби олгондун оз шору дейт.Атасыз калган жетимдер алардын укугу тебелене берет. Себеби аларга грант келбеген, грант кылмышкерлерге келет. Аны акташ учун Толойкан менен Азиза ХХХ куну туну жугурушот. Жабырлануучу тарап акырына чейин курошунуздор. Ал милиция биздин келечегибиз учун курошту жана курман болду.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-07-12 14:07:59
12.07.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
nurbek11, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
12.07.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда эч качан адилеттүүлүк болгон эмес кимдин акчасы болсо ошонун заманы. ..Эртең Азимжонуңар бишкектен акталып чыгатта ак джип менен аэропортко чейин узатып келесиңер ошол маркум болгон адамдар түшүңөргө кирип силерге уйку бербей энеңердин тойуңарды таанып алган акчаңар жардам бербей калса экен.. акчага апасын саткандар
Медиа-портал
12.07.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз калкым кана акыйкаттык?ХХХ ХХХ ушинтип бошотуп жиберишеби? ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-07-12 16:06:19
Медиа-портал
12.07.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Adyl84kg,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жол берилбейт! Башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынат! 10 күн БАНга!
Медиа-портал
12.07.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызга чыккынчылык кылып жашагандан уялбайсынарбы чондор.
12.07.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу ушинтип чыгарып койсо кайран эл эмне кыла алат каратып сыздатып туруп чыгарып койсо айла жок ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-07-13 10:18:42
13.07.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur123456, провокацияга жол жок! Эскертүү!
12.07.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азимжан бул жөнөкөй кылмышкер емес өтө коркунучтуу кылмышкер мындай адамдарды өлүм жазасына тартыш керек Азимжандын колунан өлгөн адамдардын укугун ким коргойт
12.07.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан бизге адилетту сот адилеттуу жол башчылар келет деги.
13.07.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев аралашкан болсо ушундай жолдор менен бошотуп жиберишет. Батукаевди чыгаргандай кылышат, конуп калышкан да. Текебаевдер да кызыкдар го, конституциянын 41 статья 2 пунктун атайын оздору учун киргизишкен да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: