super.kg logo

Бостери айылындагы эс алуучу жайлардын биринен жансыз денеси табылган орусиялык аял жүрөк оорусунан улам каза болушу мүмкүн

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылындагы эс алуучу жайлардын биринен жансыз денеси табылган орусиялык аял жүрөк оорусунан улам каза болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, 1952-жылы туулган Орусиянын жараны кечээ кечинде келип, эс алуучу жайдан бир бөлмө алган. Бүгүн эртең менен саат 07:15тер чамасында эс алуучу жайдын кызматкери бөлмөнү жыйнаганга кирип, аялдын жансыз жатканын көргөн. Бул тууралуу милицияга билдирүү түшүп, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркумдун денесинен эч кандай кыйноо белгилерин тапкан эмес. Алдын ала маалыматка ылайык, ал жүрөк оорусунан улам каза болушу мүмкүн. Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деди Усубакунов.

Белгилүү болгондой, жансыз денеси табылган Орусиянын жараны эс алуучу жайга жалгыз келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: