super.kg logo
  Саясат  

“Биз Орус драма театры менен биргебиз” аттуу марафон өтөт

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 19-апрелде “Биз Орус драма театры менен биргебиз” аттуу марафон өткөрүүнү демилгелеп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. “Акыркы убакта Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын айланасындагы абал коомчулукту бушайманга салууда. Бүгүнкү күндө бул театр аябай оор абалда. Театр - бул тирүү организм, ал дайыма алмашып, алдыга жылып туруусу керек. Убакыт өзгөрүүлөрдү, жаңылоону жана жаңы мамилени талап кылууда. Кандай гана абалда болбосун, ал көрүүчүлөр үчүн эң жакшы аянтча болуп бере алат. Театрдын өзүнүн тарыхы, салты бар. Аталган театрды сактап калуу үчүн бардык күч-аракетти жумшап, жардам көрсөтүү керек”,- деп жазылат билдирүүдө. Театрды колдоо үчүн министрлик 500 миң сом бөлөт жана кайдыгер карабаган адамдарды жардам берүүгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: