Ангела Меркелдин Кыргыз жерине болгон сапары учурунда Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргыз жерине расмий сапары менен келе турганына байланыштуу 14-июлда Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күнү Абдрахманов көчөсүнүн Фрунзеден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 8:45тен 9:15ке чейинки аралыкта жабык болот. Ушул эле убакыт ичинде Чүй кең көчөсүнүн Шопоков көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, Манас кең көчөсүнүн Рыскулов көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Саат 15:00дөн 15:30га чейинки аралыкта Манас кең көчөсүнүн (жогорку жагы Ч.Айтматов көчөсү) резиденциядан Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү, Жибек-Жолу көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.


журот го сириялык качкындарга лагер курулат
экен деген.Меркель ошол максат менен эле келе жатат.Биздин байкуштар макулдугун берип ийбесе эле болду.Озубуздун проблемаларыбыз кекиртекке жетип турганда сириялыктарындын эмне кереги бар.Бугун байкуш болуп келип эртен эле европада кылган кылыктарын баштаса тыйып коргуло кыйын болсонор