Парламенттик кабарчылар үчүн семинар өткөрүлдү
ЮСАИДдин Жогорку Кеңешке көмөктөшүү программасынын алкагында 6-7-апрель күндөрү парламенттик кабарчылар үчүн “Журналисттик ишмердүүлүктүн укуктук негиздери жана журналисттин этикасы” аттуу семинар өттү. Семинардын жүрүшүндө медиа-эксперт, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев ММК жана бул жаатта кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы, журналисттер тарабынан мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча маалымат берди. Ошондой эле укуктук системдер жана ММКнын учурдагы абалы боюнча бир катар суроолор берилип, кызуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында семинардын катышуучуларына атайын сертификаттар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

