super.kg logo

Кыргыз-Германия кызматташтыгы: 24 жыл ичинде жалпы финансылык жардам 262 миллиондой еврону түздү

 

Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери Ангела Меркелдин Кыргыз Республикасына расмий иш сапар менен келүүсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана КР менен ГФРдин ийгиликтүү долбоорлору тууралуу маалымат сунуштады.

"Азыркы күндө финансылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында сунушталган жардамдын жалпы суммасы 261 миллион 900 миң еврону түзөт. Аталган келишимдердин негизинде берилген бардык жардам гранттык каражаттар болуп эсептелинет.
Айта кетсек, Германия Федеративдүү Республикасы Кыргыз Республикасынын ири өлкөлүк донорлорунун бири болуп саналат. Германия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү 1992-жылы башталган", - дешти Каржы министрлигинен.

Германия өкмөтү жеңилдетилген шарттарда гранттар жана насыялар түрүндө финансылык жана техникалык кызматташтык алкагында расмий жардам берип жатканы маалым болду.

Германиялык тарап КР Өкмөтү менен ГФР Өкмөтүнүн ортосундагы 2015-2016-жылдарга техникалык жана финансылык кызматташтык жөнүндө келишимдин долбооруна ылайык, ГФР Өкмөтү КР Өкмөтүнө 2015-2016-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 53,95 миллион евро өлчөмүндө грант берүү милдеттендирилген. Бул сумманын 21 миллион евросу техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет.

Финансылык кызматташтык алкагында долбоорлорду ишке ашырууга 32,95 миллион евро берилет. Аталган келишимдердин алкагындагы бардык берилген жардам гранттык каражаттар болуп эсептелинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол акчалар кайда кетти. Ошол ссср маалындагы эле клубтар, спорт залдар, кинотеатрлар не озгорду? Жолдуго Азия инвестбанкы каржылап келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: