"Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуусу бар баннерлерди жеке билим берүү фондунун жетекчиси илдирген

Учурда интернеттеги социалдык тармактарда "Кайран элим, кайда баратабыз?!" деген жазуусу бар баннерлердин Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрүндө илингени коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынууда. Ал эми муфтият баннерлерди элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тапкан.
Бул окуя тууралуу мэрия баннерлер үчүн орундуктар жеке жарнамалык агенттиктерге берилгенин билдирип, аны илдирген адам менен байланышышканын кошумчалашты.
"Шаар боюнча андай 10 баннер илиниптир. Баннерлердин маани-мазмунун биз текшере албайбыз, себеби Жарнак департаменти өткөн жылы жоюлуп кеткен. Илинип жаткан жарнактардын мазмунун Мамлекеттик мүлк башкармалыгы жана Мамлекеттик тил комиссиясы көзөмөлдөйт. Ал баннер кыргыз тилинде жазылып, уяттуу эч нерсе жок болгондуктан, биз эч нерсе дей албайбыз, эч кандай мыйзам бузууну көрө алган жокпуз.
Баннерлер боюнча келишим түзгөн адам жеке билим берүү фондунун жетекчиси экени аныкталды. Анын айтымында, ал 5 маал намаз окуган мусулман. "Мен болгону патриот болуп, исламдын аркасы менен кыргызды унутпагыла деген оюмду айтайын дегем" дейт. Атын азырынча айта албайбыз", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова.




Банерге каршылыгым жок. Мен Кыргызмын!
уч кун даваатка чыгып торт кун жумага барып
Факылдуусунгандарды. ХХХ деген созду баштапсын
анык ХХХ озунсунбу дейм корунгон
жерге кыпчылган бул жерде эркектер соз талашы
жатат уктунбу
«Давайте не будем путать культуры... арабскую, пакистанскую, другую. Это навязывание чужой культуры. У нас есть своя культура. У нас даже слова пытаются менять. Я Коран читал не один раз с ручкой в руках и ничего такого там нет. Не надо нам навязывать чужую культу