Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына этномода жана этнохит багыттары боюнча сынак жарыяланды
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына этномода жана этнохит багыттары боюнча республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Маалымат, маданият жана туризм министрлиги билдирди.
"3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн этномода жана этнохит багыттары боюнча республикалык сынак жарыяланат. Сынактын жеңүүчүлөрү оюндар маалында өтүүчү "Nomad Fest" фестивалына катыша алышат", - деп айтылат маалыматта. Катышуучулар арызын 7-августка чейин бере алышат. Ал эми сынак 12-14-августтарда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















