super.kg logo

Кореялык корпорация Бишкек эркин экономикалык зонасында мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп, бак-дарактын 70 түрүн кыйып, 2000 чарчы метр жер кыртышын бузган

 

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция тарабынан тарыхый баалуулугу зор эл чарбасынын көргөзмө жетишкендиктери жайгашкан аймакта түштүк кореялык корпорация техникалык жана экологиялык мыйзамдарды одоно бузуп ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Түштүк кореялык корпорация “Бишкек эркин экономикалык зонасы” ишканасынан убактылуу колдонууга алган 36,7 гектар аймакта мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп, “Эл чарабасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү” аттуу жайында көп жылдык бак-дарактардын 70 түрүн кыйып, 2000 чарчы метр жер кыртышын бузганы аныкталды. Буга карата экотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жеринде протокол, актылар түзүлүп, келтирилген экологиялык зыяндар эсептелип чыккан. Ошондой эле аталган жайда эч кандай уруксат кагаздары жок курулуштар курулуп, айрымдары бүткөрүлүп, тийиштүү мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат кагаздары жок ишмердүүлүк жүргүзүп жатышканы аныкталды.

Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кадырбек Саалиевдин айтымында, түштүк кореялык компаниянын мыйзамсыз иш-аракететтери толугу менен тастыкталды. Келтирилген экологиялык чыгашаларды толтуруу жана мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, аталган жайды баштапкы калыбына келтирүү боюнча мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөрү белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.07.2016. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чондор жол ачып берсе бузатда
14.07.2016. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кайсы бир чиновниктин эле келечектеги планы болсо керек
14.07.2016. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үйдүн жанындагы бир бакты кесип салыш үчүн канча чуркайбыз. Булар тыптынч кесип салса, млн штраф салыш керек. Жаңы 70000 жаш көчөт эгиш керек.
14.07.2016. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жөндөн-жөн эле кореядан келип курулуш башташ кыйын болсо керек булда болсо бир чоңдун бизнеси .
14.07.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул башталганда эмне карашпайт эколог мерия кайда,бакыйган борбордо куруп жатса корбой калса кулкун келет,еще без разрешение странно,,биздин кочодон машина балаты сузуп сындырып алганда экологдор келип штраф салган закон карапайым адамга 100% иштейт а чондордуку корунбой каоганы жаман...
14.07.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чиновниктерге Акчасын берип оозун толтуруп койгонда акчага,каалаганын кылатта анан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: