super.kg logo

Насыбай сатуучулар: "Күн сайын 100 килограммдан ашуун насыбай сатылат"

 

Бишкек шаарынын базарларынын биринде күн сайын 100 килограммдан ашуун насыбай сатылат. Бул тууралуу базардагы насыбай саткан сатуучулар билдиришти.

Сатуучулар жуманын дүйшөмбү күнү кезек менен чыгышарын айтышты, себеби дүйшөмбү күнү базарда эл аз болуп, соода болбойт. Маек учурунда сатуучулар сүрөткө тартпоону суранышты.

Насыбайдын канча турарын сураган адамга сатуучулар жабыла жооп берип, жакшы насыбай экенин айтышат. Журналисттердин суроолоруна жооп бергилери келбеген сатуучулар буга чейинки маектери тууралуу айтып беришти.

"Буга чейин бир нече жолу журналисттер менен маек курганбыз. Насыбайдын жасалып жаткан жерине чейин алып барып көргөзгөнбүз. Көрүп-билип турса да, айрым журналисттер макаланы бурмалап, бизди элге жаман көргөзүп жатышат. Насыбайдын курамында тооктун кыгы бар деп жазгандарын окудук", - деп нааразы болушту.

Насыбайдын курамында тамеки жана дарактын күйүп бүткөн күлү гана бар. Химиялык кошулмалар, аки таш жана башка зыяндуу заттар кошулбастыгын айтышты.

Өзүн Бакыт деп тааныштырган сатуучу: "Насыбайдын эки эле түрү бар: майда жана кесек. Көк, кара болуп да бөлүнөт, бирок алардын курамы бирдей эле. Мен күн сайын 8-10 килограммга чейин насыбай сатам. Мага окшогондор ондоп саналат. Күн сайын 1500-1700 сом табам. Жашоо, тиричилик ушинтип соода кылуу менен өтүп жатат", - деди.

Сатуучулар жай айларында насыбай сатып алуучулар азайып каларын айтышууда. Анткени жай айында күндүн ысыгында насыбай чеккен адамдын башы айланат. Ошондуктан насыбай саткандар үчүн жайкы үч айда соода азыраак болорун айтышты.

Буга чейин насыбайды улуу муундагы кишилер чегишкени айтылып келет. 70 жашка таяп калган Рахманали Халиков насыбайды 150-200 жыл мурун да колдонушканын айтты.

"Мен бала кезде атамдын атасы насыбай чекчү. Чоң атам аны өзү даярдап алчу. Мен жанында кызыгып карап отурчумун. Ошондо чоң атамдан "Сиздин чоң атаңыз да насыбай чекчү беле?" деп сурагам. Чоң атамдын айтымында, анын чоң атасы насыбай чексе, демек, насыбайдын тарыхы 150-200 жыл мурун эле башталган", - деди Рахманали Халиков.

"Акыркы мезгилдерде жаштар арасында насыбай көп колдонула баштады. Мен эс тартканда 60-70 жаштан ашкан аксакалдардын насыбай чеккенин көрөр элем", - деп кошумчалады Халиков.

Ал эми дарыгерлер насыбайдын зыяндуулугу, колдонгон адамга тийгизген терс таасири туурасында массалык маалымат каражаттары аркылуу байма-бай айтып келишет.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасаровага кайрылдык.

"Насыбайдын зыяндуулугу абдан жогору. Ал ооз көңдөйүнүн, шилекей аркылуу ашказан, ичеги ооруларын пайда кылат. Ал кан тамырларды ичкертип, жүрөк оорусуна алып келет. Жыйынтыгында адамда рак оорусу пайда болот",- дейт Чынара Бекбасарова.

"Мамлекет бул үчүн катуу аракет жасап, насыбайдын сатылышына бөгөт коюшу зарыл. Антпесе учурда 20 жаштагы насыбай чегип жаткан адам дагы 20 жылдан кийин рак оорусуна кабылышы мүмкүн. Анда кыргыздын келечегине кесепети тийип калат. Таза кандуу балдардын төрөлбөй калуу коркунучу бар", - деп кошумчалады Бекбасарова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(15)
16.07.2016. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Насыбай сатып тирилик кылгандар тапкан акчасы жакшылыка буйрубайт. Ото начар кесип ойлонушпайбы. Кудайым ушундай арам тамактан озу сактасын
16.07.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мас кылуучу жана башты айлантыруучу заттар буга насвайда кошулат арамга кошулат деп хадистерде дагын айтылган.Эгерде атасы насвай чексе анда аны баласы коруп насвай чегишти улантат.Мен Альхамдулилях насвай чекпейм ,тамеки тартпайм, алкоголдук ичимдиктерди ичпейм мени коруп балдарым дагы чекпешет жана ичишпейт деп Аллага ишенем.Сиздер дагын мусулман бир туугандар ичпегеиле жана чекпегиле.
16.07.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кунуно ар бири 10кг дан сатышса........алган адам бир эки эле кулоктон алса...насвай чеккендер ото эле кобойуптур деп ойлоп калдым...
16.07.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Демек чеккендер кобойгон.
16.07.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тез эле ошол законун чыгарса экен деги эле адам баласына зыяны тийе турган нерселердин баарына тыйым салса жакшы болмок
16.07.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр москвадагы орустарда уйронуп алышыптыр тескери карап туруп озуна салып алатта эчнерсе билбегендей туруп алышат
16.07.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
german89, оа россиянын баардык жеринде сатат орустар уйронуп алышкан Насвай чекпегиле айланайын Кыргыздар зыян аябай
16.07.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунуно 100 кг дан. Кашыктап эле жеп жатышкан го
16.07.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну сатканда ото зыяндуу, чеккен вообще...
16.07.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкектеги эле 100кг болсо башка областтарды кошкондо күнүнө 1 тонна кетет окшойт деп ойлойм
16.07.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uson13, базарда эле 100 кг айылда уйундо жасап саткандар андан коп
16.07.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Насвайды сатууга тыю салса чеккен адамдар эмне болор экен аракты тыйганда эмне болушкан крем паста жеп. Насвайды сатпай койсо деле баарыбир уйундо жасап чегип калышса керек бирок тыю салса жакшы эле болот
16.07.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамекинин баасы осуп копчулугун насвай чегип алышкан .
17.07.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыю салыш керек депутаттар???
17.07.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Насвайга тыюу салганда башканы табышат,балким андан да зыяндууну.Азыр кыздар коз коруно эле тамеки чегип калышты.зыянын билип чекпе деген сайын балдардан да коп тарта баштагандай сезилет.Биринчи акыл-эсти коомду тазартыш керек-бул ар бир адамдын озунон коз каранды Азыркы заманда бул жаман жолобо дегенге кайра тескерисинен ошону кылыш керек- деп кучошот.
Саби түзөттү 2016-07-17 11:20:44
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: