super.kg logo

Он беш күндө бир жолу жарык көргөн райондук гезиттер жоюлбайт

 

Он беш күндө бир жолу жарык көргөн райондук гезиттер жоюлбайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат департаментинин башкы адиси Айнура Асанбаева билдирди.

"Райондук гезиттерди таптакыр жоюп салуу деген азырынча ишке ашпайт, анткени бул маселе көтөрүлгөндө коомчулук райондук гезиттер керек деген ойлорду айтып чыккан. Бул боюнча буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына долбоор катары сунуштап, алар карап чыгышкан. Бүгүнкү күндө райондук гезиттер боюнча иш жүрүп жатат", - деп кошумчалады Асанбаева.

Маалым болгондой, өлкө боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караган 46 райондук редакция бар. Алардын 90 пайызы түстүү болуп чыгат. Калган 10 пайызы ак-кара түстө жарык көрүп келет.

"Буга чейин 15 күндө, ал тургай 1 айда бир жолу чыккан гезиттер болгон. Учурда дал ушундай абалда чыккан гезиттердин ишмердүүлүгүн жөнгө салып, иш-аракеттерди көрүп жатабыз", - дейт Асанбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: