super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-ИЮЛЬ: Мындан 4 жыл мурун түштүк кореялык ырчы PSY`дын "Гангнам стайл" ыры интернет ааламына жүктөлгөн

 

Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы 15-июлда түштүк кореялык ырчы PSY`дын "Гангнам стайл" ыры интернет ааламына жүктөлүп, 5 айдын ичинде 600 миллион жолу көрүлүп, 3 600 000 жолу "жакты" белгиси коюлган. Бул үчүн аталган клип 2012-жылдын 20-сентябрында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Мындан сырткары 11-ноябрда Франкфурт шаарында өткөн "MTV Europe Music Awards" сыйлыгынын "Мыкты видео" наамына ат салышып, жеңүүчү аталган.

Бул ыры аркылуу PSY болжол менен 1,1 миллиондой доллар киреше тапкан. Корей ырчысынын бул клиптеги бийин бийлеп флешмоб жасаган жаштар миңдеп саналган. Бул клиптен соң гангнам стилинде бийлеген атактуулар да пайда болгон. Алардын тизмесинде БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун, америкалык ырчы Бритни Спирс, актёр Хью Жекман, "Spise girls" тобунун мурдагы ырчысы Мел Би, орус ырчыларынан Тимати жана башкалар бар. Ырчы Кети Перри да бул ыр менен "ооруп", бийине кызыгып жүргөнүн жашырган эмес.

"Гангнам" сөзүнүн мааниси Түштүк Кореяда "коомдун эң жогорку катмары", тактап айтканда, "элита" деп түшүндүрүлөт. Сеулдун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Каннамгу деген район бар. Ал райондо жалаң ак сөөктөр, атактуу адамдар, бай чет өлкөлүктөр жашашат.

Гангнам стилинде бийлегенди үйрөтүүчү иллюстрация

15-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.07.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже 4 жыл? Каарып кетиптирбизго чиркин
16.07.2016. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k,ошону айтыныз... Убакыттын отушун карасаныз... Кечеле ырдап журотлек ушул ырды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: