super.kg logo

Улуттук маданиятты эл арасына жайылтуу максатында борбор калаада “Кыргыз айылы” аттуу кербен көчү уюштурулду (фоторепортаж)

 

14-июлда Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил багында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана “Манас” жаштар ордосу тарабынан “Кыргыз айылы” аттуу экинчи салттуу-маданий кербен көчү өткөрүлдү. Анда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, мастер-класстар уюштурулуп, табигый таза азыктардан жасалган улуттук тамак-аштар көрсөтүлдү.

Кыргыз агрардык платформасынын аткаруучу директору Бермет Турсалиева “Кыргыз айылы” долбоору тууралуу буларга токтолду: “Кыргыз айылы” мыкты долбоорлордун бири болду деп эсептейм. Шаар жериндегилердин көпчүлүгү орусташып кетпедиби, андыктан мындай иш-чарадан шаар тургундары, коноктор улуттук тамак-аш, алардын пайдалуулугу жана салттуу маданияты тууралуу кенен маалымат ала алышат. Алсак, өрүк курут, жупка дегендер кыргыздын нукура, улуттук тамак-ашына кирет да. Ал эми учурда өзүбүздүн нукура азыктарды жайылтуу, өндүрүп чыгаруу ишке кирүүдө. Бул, албетте, кубандырат. Биз кандай иш-чаралар, жарманкелер болбосун, дайыма кыргыздын нукура азыктарын, тамак-ашын таанытууга, жайылтууга, колдоого аракет кылып келебиз. Бул долбоордун дагы бир артыкчылыгы - анда жергиликтүү дыйкандар, өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукциясын бекер көрсөтө алышат. Андыктан уюштуруучуларга ыраазычылык билдире кетейин".

“Кыргыз айылы” аттуу иш-чаранын негизги максаты - кыргыздын салттуу маданиятынын негизинде шаар тургундарына, өзгөчө жаш муундарга маданий, салттуу билимдерди жана улуттук баалуулуктарды жеткиликтүү кылып берүү, жарандардын салттуу билимге болгон оң көз карашын калыптандыруу, улуттук маданияттын универсалдуу баалуулуктарын эл арасына жайылтуу жана жаштардын улуттук аң-сезимин жогорулатуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
15.07.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Откозгонунор жакшы болуптур, бирок жамгыр жааганы кичине жаман болуптур да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: