super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сүйбө дедиң сүйөрүмдү билип туруп, сүйүп турган жүрөгүмдү күйүктүрүп..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүү жөнүндө лирикалар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Өзүңдөн көңүл калып сыздап турам,
Өзгөдөн күтпөгөндү сенден угам.
Өзөгүм жалын болуп күйүп турду,
Өкүнөм жүрөгүмө сени туйган".

"Сүйбө дедиң сүйөрүмдү билип туруп,
Сүйүп турган жүрөгүмдү күйүктүрүп.
Мейли сүйбөйм, бирок кантип түшүндүрчү,
Жалындаган жан дүйнөмдү буулуктуруп".

"Бир бүтүн экөөбүз тең, эки жарым,
Бак аралап жетелесем сени, жаным.
Билесиңби көкүрөктө бирге соккон,
Өчпөс жазуу жалгыз гана сенин атың".

"Алыстык арабызды бөлүп турат,
Жүрөгүм сагынычка толуп турат.
Түндөсү асман карайм, жылдыз санайм,
Себеби алар бизди жолуктурат".

"Жүрөктө үндөр айтат "сагындым" деп,
Жүргөндөй мен бирөөнү издеп-издеп.
Жакшырткан бул жашоомо боёк берип,
Ж
алгыз бир жанды ойлоп, аны эстейт.

Жүрөгүм, сени урушуп, тыя албаймын,
"Сагынба" деп сагынчыңды кыя албаймын.
Акылым баш ийгендей коштоп турат,
Болбосунчу келечекке бир арманым.

Жараткан белек кылды бул сезимди,
Жан дүйнөм кабыл алып ал чечимди.
Азгырып алып кетпес эч бир күчтөр,
Ашыктык, жылуулукту, сезимимди..."

Сүйүү жөнүндө лирикаларды жазып, талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
15.07.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын суйуу тууралуу ырлары журоктун теренине жетет экен го,чиркин.Кыргыз тилин жакшы тушунгонумо сыймыктанам.
15.07.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуусун мага бироо айтып берсе
Шок кезде ээ койчу деп кулуптурмун
Эн оной суйуу деген сылык создун
Сыйкырын билей эле журуптурмун.
15.07.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйбо дедин суйоорумду билип туруп деген аябааааай жакты
17.07.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: