super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Күйөөсүнүн туугандарына эшигин жапкан аял"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөсүнүн туугандарына эшигин жапкан аял" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан автордун билдирүүсү:

"Биз беш бир тууганбыз. Төрт кыздан кийин көргөн уулубуз деп ата-энем инибизди аябай жакшы чоӊойтушту. Эже-сиӊдилер да "жалгыз инибиз" деп эркелеттик, окуттук, акыры өзүнүн теӊине үйлөндүрдүк. Алгач атам, андан кийин апам бизди таштап о дүйнөгө кете беришти. Мына ушундан кийин иним менен келинибиздин бизге болгон мамилелери өзгөрүп кетти. Себебин билсек, алар бизди мурас талашат деп ойлошуптур. Биздин мурас тууралуу такыр оюбуз жок болчу. Ата-энемдин үчүлүгүнөн кийин туулуп-өскөн үйүмө бардым. Элди чакырып ата-энеме куран окутуп коёюн деген максатта барганмын. Келиним суз кабыл алды. Келген максатымды түшүндүргөн болдум. Келиним "эже, биз ал күнү үйдө болбойбуз, өзүӊүздүн үйүӊүздө өткөрсөӊүз деле болот го" деп жооп берди. Унчукпадым. Иним экөөнүн ортосуна от жакпайын, менин айымдан урушпай тынч жашашса болду деп артыма кайттым. Үйүмө жеткенче ыйлап келдим. Кайтып баргым келбеди. Кээде чоӊоюп өскөн үйүмө, ата-энем жашаган үйгө баргым келип сагынам. Андайда көчөбүздүн башында туруп үйүбүздү карап ыйлап алам".

"Аялын башкара албаган инисинде да айып, келини да акылсыз жан экен. Кыз деген төркүнгө конок болот, анда-санда бир келгенде жылуу тосуп алып жакшылап сыйлап узатыш керек".

"Экөө теӊ күнөөлүү, келинге эмес, инисине айтып көрсө болмок. Кантсе да куранды ата-энесине окутуп жатпайбы. Маселени келинге айтып отурбай эле иниси менен жакшы сүйлөшүш керек. Кыз бала төркүнүндө мейман. Азыркы заманда адамдар байлык деп эле калышты, өз үйү жок болсо "качан келип алат..." деп келиндер (айрымдары) күйөөсүнүн бир туугандарына жаман мамиле кылышат".

"Келинине эмнеге келгени тууралуу айтуунун кереги жок болчу. Иниси менен сүйлөшүп, ата-энесине куран окута бербейби. Ошон үчүн "аялды башынан, баланы жашынан" деген сөз бекеринен айтылган эмес".

"Келининин башына түшкөндө кайнежесин түшүнөт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
16.07.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Андай келиндерден Аллахым озун сакта,келин эле эмес эркекке деле тийиштуу деп ойлоймун .Себеби келинчегин эркек ОЗУ жолго салыш керек .Аял киши не десе ошол созго кошулган эркек ,эркек эмес деп билемин.Ата -Эне бир тууган табылбайт бул дуйнодо эркек кишиге,бирок аял деген табылат.Ата-Эне бир тууган биринчи орунда болуш керек деп билемин .Себеби ата-энен бул жашоого биринчи себебкер жашап жатканына экинчиден бир тууган сен чонойуп эр жеткенче сени менен бир чонойгон.(жеке оюм менин бул менин).
16.07.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тыйындын эки бети бар дегендей мумкун ошол келин куйосуно билдирбей айткандыр жанагынтип анын куйосу эч нерсени билбейттир жондон жон эле ал баланыда куноологон туура эмес
16.07.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келин келгенский деп ушууну айтат
16.07.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин женемдин иниси да аялы ушундай, келини учун эжелери ыйлап журот баралбай. Жалгыз иниси болот кичуусу, кудагый отуп кеткенден кийин кыздары барбай калды.
16.07.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайын журт менен сый мамиледе болуш керек озу келин. Келин бул келгин дегендей эле да. Башы жок эркектер гана аялынын айтканын укпаса акылдуу эркек баарына бирдей турат.
16.07.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошого ыймандуу кыздардан караш керек. Ыйманы бар кыз уйбулоодогу ордун билет урмат сый дегенди билет. Инисин ойлонсо эч нерсе эмес ажыраштырып алсын да ыймандуусунан таап берсин. Азыр жыргатпаган кийин жыргатмак беле куйоосун. Башында кара ойлуу кийин куйоосунун деле уйун тартып кочодо таштап салгыдай же катын куйоо кылып алгыдай. Элдер 40 ка чыгып деле жашоо куруп бактылуу жашап кетишкендер бар. Катын жакшы болсо бейишке тартат катын жаман болсо тозоко тартат
17.07.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар менен байланышты узгондор бейишке кирбейт деген.
Эсин барда этегинди жап дегендей туугандык мамилени чындагыла айланайын келиндер.
17.07.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын андай келинден,,,келин деген баскынчы калк болот деп кумондор айтканы эске тушот,,,
17.07.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай келиндерден Кудай сактасын!
17.07.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жаш уйлонгон инилеримдин копчулугу аялынын козу менен айланып,созунон чыкпай калганы ото окундурот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: