super.kg logo

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунда мектептин курулушу менен таанышты

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Куртка айылындагы Байымбет Абдырахманов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр С.Жээнбеков белгилегендей, мектептин курулушуна багытталган каражаттар өз убагында бөлүнүүдө, ошондуктан ишке жалданган компаниядан мектептин курулушун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү талап кылынат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, 2016-жылга карата бюджеттен мектептин курулушуна 32 миллион 400 миң сом каралган.

Ошондой эле премьер-министр Нарын шаарынын суу тазалоочу жайын реконструкциялоонун жүрүшү менен да таанышты. Белгилүү болгондой, суу тазалоочу жайды модернизациялоо боюнча долбоор эл аралык финансылык институттардан тартылган каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.07.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жакшы иштеп жатат
15.07.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бизде бары эле жакшы иштейт окмотуда 5жылга шайлаш керек ошондо жакшырак иштемек
16.07.2016. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бат баттан Нарын шаарына ушинтип келип турушсунчу министрлер,анча мынча жолдорду убактылуу болсо дагы ондоп турушат экен
16.07.2016. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жээнбеков Атбашыга эмне келбей кетип калды ?
Мед.жардам керек болот деп мени саат 14:30дан 18:00 чейин иштен алды. Келбесе, келбейм деп айтып койбойбу канча оруулар калып кетти. Нааразымын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: