super.kg logo

"Стамбулда таӊ аткыча ызы-чуу болуп, абал эми гана тынчтанып жатат" дейт окуянын күбөсү

 

"Стамбулда таӊ аткыча ызы-чуу болуп, абал эми гана тынчтанып жатат". Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына Анкарадагы Кыргыз достук жана маданият коомунун өкүлчүлүгүнүн катчысы Адилет Абишов билдирди.

"Түндө көчөдөн өткөн танктарды санап калдык. Менин билишимче, каза тапкандар менен жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок. Ызы-чуу башталган учурда көбү үйүндө болчу, түндө баары менен байланышканга аракет кылганбыз. Саат 22:00 чамасында мен университеттен келе жаткам. Сыххийе деген райондон (шаардын ортосу) метродон чыгып, жатаканага кетейин деп аялдамада автобус күтүп турсам, тик учактар тынбай өтө баштады. Жатаканага келип кабарларды окуп баштадым. Анда аскерлер Босфор кысыгынын көпүрөсүн жаап салышыптыр. Эч нерсе түшүнбөдүк. Арадан көп өтпөй түркиялык аскердик топ төӊкөрүш баштагандыгы тууралуу маалыматтар чыкты. Ошондон кийин эле тик учактардын учканы күчөп, атышуулардын үнү угула баштады. Көчөдө ызы-чуу болуп жатканынан карасак танктар өтүп жатыптыр, алардын саны 20дан ашты", - дейт Абишов.

Анын айтымында, танктар өткөндөн кийин эле атышуу, жарылуулардын үнү күчөгөн. Көчөдө жөө жүргөндөр, көбү унаалары менен Кызылай аянтына агылган.

"Биз социалдык тармактар аркылуу Анкарадагы кыргыздарга байланышып, үйүнөн чыкпай отурууга чакырып, көчөдөгү топторго кошулбоого үндөдүк. Сыналгы көрүп отурсак катуу үн чыгып, анын аркасынан катуу толкун келип биздин жатакананын биз отурган тарабына тийди. Ошол учурда аскерлер тик учак менен бийликтин учагын атып түшүргөнү маалым болду. "Эми эмне кылабыз?" деп жазган мекендештер көп болду. Баарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракеттендик. Ушундай ызы-чуу, жарылуу, атышуу, учак, тик учактын учкандары таӊкы саат 5ке чейин уланды", - деп кошумчалады Абишов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.07.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах озу сактасын этият болунуздар
16.07.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бей куноо адамдарды кудайым озу колдосун ,алыскы жакынкы туугандар аман эсен болушсун.Кыргыздар коп эле Туркядада баары амандыкта уйлоруно кайтышсын.
16.07.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым кандай заман болуп жатат?!Баарыбызды Аллах озу сактасын!Turk kardeslerim baslariniz saolsun !
16.07.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баарын Америка эле кылып жатса керек. Турктордун Орустар менен достошконун коро албай,ичтеринен кан отуп олуп атышкан да. Эмнеси болсо дагы эртерээк тынчыса экен.
16.07.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уууф тиштенип аран отуравыз.....смтер келип атат ешике чыкпагыла деген,емнеси болсо да бутсо екен бу согуш.....:(:(
16.07.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай мекендештерди сакта
16.07.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана мекендештер эмес жалпы мусулмандар аман болсун, Аллахым колдосун! !!
16.07.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турция дагы боордоштор аман болгула баарын Карындашым куйоосу менен журот иштеп Бир заматта жаман болуп кетттик баарыбыз Карындашым да Анкаранын центринде жашашат ошол жерде болуптур.тынчыр замат Кыргызстанга кайтышын сурандык
16.07.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда журбойлу Жаратканыбыз тынчтык Бресте.
16.07.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын .
17.07.2016. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым олгондорду оз ырайымына алган болсун оомин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: