super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Алматы-Бишкек каттамы боюнча уча турган учак белгисиз себептерден улам абага көтөрүлгөн жок

 

Казакстандын Алматы шаарынан Алматы-Бишкек каттамы боюнча саат 18:00дө уча турган "Эйр Астана" компаниясынын учагы уча элек жатып аэропорттун токтоочу жайына кайтып келди. Бул тууралуу окурман бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Учак экипажы техникалык себептерден улам кайтканын айткан. Учурда униформачан адамдар учакты текшерүү же тинтүү иштерин жүргүзүшүүдө", - дейт окурман.

Бул тууралуу Бишкектеги "Манас" Эл аралык аэропортунун Сурап-билүү борбору төмөнкүлөрдү билдирди: "Ал учак Алматы шаарынан дагы деле уча элек. Азырынча себеби бизге белгисиз".

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.07.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
+3
17.07.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте жаман аба ырайы кутулуп жатат ошого болсо к-к,
Алмата-Бишкек канча убакта келет
17.07.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учак жаман абарайына карабайт кар жааса да учуш керек эле
17.07.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bek1996_01,Учак аба ырайына карап учат жана конот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: