super.kg logo

Алматы. "Никольск" базарындагы атышуудан 5 киши жарадар болуп, жандандыруу бөлүмүнө түштү

 

Алматы шаарындагы атышуудан "Никольск" базарында беш киши жарадар болуп, жандандыруу бөлүмүнө түштү. "Тез жардам" кызматы дагы октон жаракат алгандарды жолдо алып келе жатат. Азырынча жарадар болгондордун саны так эмес. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары "Тез жардам" кызматына шилтеме берүү менен маалымдады.

"Беш эркек киши учурда жандандыруу бөлүмүндө. Алардын өздүгү тактала элек. Жарадар болгондорду улам алып келүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик калкты Алмалы районундагы ички иштер бөлүмүнүн аймагына барбоого чакырды. "Учурда ал аймакта кылмышкерди колго түшүрүү операциясы жүрүүдө, бир нече саат ал аймакка баруудан баш тартып туруңуздар", - деп баса белгиленген билдирүүдө.

"Учурда аталган базардын аймагы курчоого алынып, ок атышуулардын үндөрү угулууда. Бир адамдын мойнуна, бир адам курсагына ок тийди", - дешет окуянын күбөлөрү.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта шаар ичиндеги курал сатуучу жайлар убактылуу жабылган.

Учурда "Алматы-1" темир жол бекетине жардыруучу зат коюлган" деген маалымат чыгып, аталган бекет курчоого алынганы айтылууда.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Алмалы районундагы ички иштер бөлүмүнүн аймагынан белгисиз автоматчан жаран полиция кызматкерлерин көздөй ок чыгарып качкан. Натыйжада 1 полиция кызматкери каза тапкан. Мындан улам Ички иштер департаменти тарабынан шаардын аймагында антитеррордук иш-аракеттер башталган.






Алматы шаарында атышуу болуп, арасында жарадар болгондор бар

Алматыдагы атышууда жарадар болгондор болду

Алматыда террористтер полиция кызматкерин атып кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: