super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов менен жолугушту

 

8-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда жакында премьер-министрдин Орусияга боло турган жумушчу сапарынын алкагында 22-23-апрелде Москва шаарында өтүүчү өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун күн тартибин талкуулашты. Ошондой эле тараптар Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү процессин, “Кыргызгаз” ААКсынын мамлекеттик акция пакеттерин  “Газпром” ААКсы тарабынан менчиктештирүү боюнча келишимдин жүрүшүн талкуулашты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: